# 19-статья. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 19-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-19

---

Жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат алынганда билим берүү тутумунун кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүү үчүн аны ички иштер органдарына же прокуратурага берүүгө милдеттүү. Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жергиликтүү бийлик органдары, болбосо камкорчу же көзөмөлдөө органдары тарабынан аныкталганда, бардык маалыматтар текшерүү үчүн ички иштер органына жана прокуратурага берилүүгө тийиш. Ички иштер органдары же прокуратура үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө оозеки же жазуу жүзүндө маалымат алары менен зомбулукту болтурбай коюуга жана жабыр тартуучуларды үй-бүлөлүк зомбулуктун уланышынан коргоп калууга шашылыш чараларды көрүүгө милдеттүү. Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелери, башка өкмөттүк эмес уюмдар жана калкты социалдык жактан тейлөө боюнча иш-аракеттерди жүргүзгөн жарандар үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматты ички иштер органдарына жана прокуратурага зордук-зомбулуктан жабыр тартуучунун макулдугу менен беришет. Эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу үй-бүлөнүн жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген мүчөсү болсо, маалыматты берүүгө макулдук талап кылынбайт.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-20)
