# 17-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелерине жиберүү жана тейлөө

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 17-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-17

---

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жеке өзү же үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо органдары аркылуу адистештирилген социалдык тейлөө мекемесине жардам сурап кайрылууга укуктуу. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды кабыл алуунун жана жайгаштыруунун тартиби аталган мекемелердин тиешелүү жобосу менен аныкталат. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан адамга адистештирилген социалдык тейлөө мекемеси тарабынан белгилүү кызматтардын комплекси көрсөтүлөт, ошондой эле социалдык мейманканада (сыйынт жайларда) 10 суткага чейин акысыз жашоо укугу берилет. Социалдык мейманканада (сыйынт жайда) болуу мөөнөтүн узартуу келишим шарттарында жүзөгө ашырылат. Жабыр тарткан адамды тейлөө боюнча чыгымдар белгиленген мөөнөтүнөн ашып кетсе, ал зомбулук жасаган адамдын мойнуна салынат. Чыгымдарды төлөөдөн баш тарткан учурда сот тартибинде каралат.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-18)
