# 15-статья. Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелеринин милдеттери

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 15-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-15

---

Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери өз иш-аракетиндеги багыты боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык жактан көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери төмөнкүлөргө милдеттүү:

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканга социалдык жактан колдоо боюнча кызматтардын комплексин, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам бузган анын жеке жана материалдык укуктарын коргоону камсыз кылууга;

- зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын макулдугу менен аны комплекстүү социалдык-медициналык-психикалык кароодон өткөрүүнү камсыз кылууга;

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын макулдугу менен үй-бүлөдө жасалган зомбулук, болбосо анын коркунучу жөнүндө ички иштер органдарына жана прокуратурага маалымат берүүгө;

- бузулган укуктарды калыбына келтирүү үчүн ички иштер органына, болбосо сотко кайрылуу үчүн зарыл болгон бардык материалдарды даярдоого.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-16)
