# 14-статья. Адистештирилген социалдык кызмат

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 14-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-14

---

Адистештирилген социалдык кызмат үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга менчигинин түрүнө карабастан социалдык жактан колдоону жүзөгө ашыруучу уюм менен мекемелерди өзүнө камтыйт. Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелерине төмөнкүлөр кирет:

- кеңеш берүүчү-профилактикалык борборлор (кризистик борборлор);

- үй-бүлөгө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүү борборлору;

- балдар жана өспүрүмдөр социалдык баш калкалоочу жайлар;

- зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн социалдык мейманканалар (сыйынт жайлар);

- ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген кары-картаңдарды, майыптарды жана балдарды тейлөөчү социалдык борборлор (күндүзү тейлөөчү бөлүмдөр);

- ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башка категориядагы адамдар үчүн социалдык-реабилитациялык борборлор;

- кайрымдуулук ишканалар жана мекемелер (хоспистер).

Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга бардык кызматты же чектелген көлөмүн көрсөтө алат. Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери юридикалык жак катары милдеттүү түрдө катталууга тийиш жана уюштуруу документтеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштейт.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-15)
