# 12-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо боюнча башка субъекттердин жана жарандардын милдеттери

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 12-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-12

---

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды социалдык тейлөө боюнча ишкердик иш-аракет жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык тейлөөнүн мамлекеттик эмес мекемелери, өкмөттүк эмес башка уюмдар жана жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык жактан колдоо көрсөтүүгө;

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга, анын мамлекеттик органдарга, болбосо коомдук уюмдарга коргоо издеп кайрылуу укугун түшүндүрүүгө;

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканга тийиштүү кеңештерди берүүгө;

- аталган органдарга кабарлоо милдеттүү болгон, үй-бүлөнүн жашы жетпеген, аткарууга жөндөмсүз жана аткаруу жөндөмдүүлүгү чектелген мүчөлөрүнө тиешелүү учурлардан башка учурларда, зарылдыгына жараша үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандын макулдугу менен үй-бүлөдө зомбулук жасалгандыгынын фактысы тууралу ички иштер жана прокуратура органдарына маалымдоого.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-13)
