# 11-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин милдеттери

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 11-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-11

---

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана мекемелерге: мамлекеттик администрациялар, жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиялар, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо органдары кирет. Жогоруда аталган органдар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча чыгарылган чечимдердин аткарылышына контролду камсыз кылышат; үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгышат; үй-бүлөлүк зомбулукка түрткү берген себептерди жана шарттарды изилдешет; калктын ар кандай социалдык топтору менен түшүндүрүү ишин жүргүзүшөт. Үй-бүлө мыйзамдарында каралган негиздер болгондо жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссия үй-бүлөнүн жашы жетпеген мүчөсүнө карата зомбулук жасаган ата-энелерди ата-энелик укугунан ажыратуу жөнүндө сотко расмий өтүнүч билдире алат. Үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрүнө жана майыптарына карата зомбулук жасалган учурларда алимент жөнүндө расмий өтүнүчтү социалдык коргоонун аймактык органы козгойт, ал ошондой эле аталган адамдарды карылар үйүнө, болбосо медициналык мекемеге жөнөтүү маселелерин чечет, айкын чара көрүү үчүн ички иштер органдарына маалымдайт. Алименттер алуу укугу бар адамдар багуу акысын алууга укук келип чыккан учурдан тартып өткөн мөөнөтүнө карабастан кайсы мезгилде болсун сот аркылуу алименттердин төлөнүшүн талап кыла алышат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-12)
