# 10-статья. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана анын алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын милдеттери

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 10-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-10

---

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин талаптарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоону жүзөгө ашыруу үчүн бардык чараларды көрөт. Ички иштер органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

- үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан арызды кабыл алууга жана каттоого;

- үй-бүлөлүк жаңжал чыккан жерге өзүнүн өкүлүнүн болуусун камсыз кылууга;

- тараптардан сурап билүүгө;

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканга зарыл кеңештерди берүүгө жана коргоо ордерлеринин берүү тартибин, болбосо үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуунун тартибин түшүндүрүүгө;

- зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканды медициналык мекемеге же коопсуз жайга, болбосо социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесине жеткирүүнү уюштурууга;

- үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу чараларын көрүүгө;

- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселени чечүү үчүн зарыл болгон бардык аракеттерди аткарууга;

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга убактылуу коргоо ордерин, болбосо соттук коргоо ордерин берүү үчүн материалдарды, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн материалдарды даярдоого;

- аймактык социалдык коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте ыркы жок үй-бүлөлөр менен дайыма профилактикалык иш жүргүзүүгө.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-11)
