10-статья. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана анын алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын милдеттери
Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · III Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин талаптарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоону жүзөгө ашыруу үчүн бардык чараларды көрөт. Ички иштер органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан арызды кабыл алууга жана каттоого;
- үй-бүлөлүк жаңжал чыккан жерге өзүнүн өкүлүнүн болуусун камсыз кылууга;
- тараптардан сурап билүүгө;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканга зарыл кеңештерди берүүгө жана коргоо ордерлеринин берүү тартибин, болбосо үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуунун тартибин түшүндүрүүгө;
- зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканды медициналык мекемеге же коопсуз жайга, болбосо социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесине жеткирүүнү уюштурууга;
- үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу чараларын көрүүгө;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселени чечүү үчүн зарыл болгон бардык аракеттерди аткарууга;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга убактылуу коргоо ордерин, болбосо соттук коргоо ордерин берүү үчүн материалдарды, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн материалдарды даярдоого;
- аймактык социалдык коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте ыркы жок үй-бүлөлөр менен дайыма профилактикалык иш жүргүзүүгө.
Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1186/st-10" title="10-статья - Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>