1-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · I Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63.
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат: үй-бүлө - өз ара никеде, туугандыкта же жакындык мамиледен улам чогуу жашаган адамдар. Ушул мыйзамдын күч-аракети ошондой эле жарандык абалынын актысын каттоочу органдарда катталбаган никеге (иш жүзүндө никеде) негизделген үй-бүлөгө; асырап алуунун, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр тарабынан камкордукка алынгандар менен чогуу жашаган учурда камкордук жана көзөмөлдүк белгилөөнүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдарды үй-бүлөнүн тарбиялоосуна берүүнүн натыйжасында үй-бүлө мамилесине өткөн адамдарга, ошондой эле, эгер алар нике бузулгандан кийин да чогуу жашашса никеге негизделген үй-бүлө мүчөлөрүнөн болгон адамдарга жана үй-бүлө мүчөсүнүн укугунда чогуу жашашкан туугандарга да жайылтылат; ыркы жок үй-бүлө - дайыма болуучу (системалуу) зомбулук же зомбулук коркунуч фактылары орун алган үй-бүлө; үй-бүлөнүн көз каранды мүчөсү - жашынын, оорунун айынан, болбосо майыптыгынан улам багууда турган башка үй-бүлө мүчөлөрүнө көз каранды үй-бүлө мүчөсү; турмуштук кыйын жагдай - үй-бүлөдөгү чыр-чатакка жана (же) ырайымсыз мамилеге байланыштуу үй-бүлө мүчөсүнүн жашоо-турмушун жана моралдык-психологиялык абалын бузуучу объективдүү жагдай; үй-бүлөдөгү зомбулук (үй-бүлөлүк зомбулук) - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчи үй-бүлө мүчөсүнө карата жасаган, үй-бүлө мүчөсүнүн мыйзамдуу укуктары менен эркиндиктерин кысымга алган, денесинин же психикасынын жабыр тартуусуна алып келген жана үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсүнүн денесинин, болбосо инсандык жетилишине зыян келтирген же коркунуч туудурган ар кандай атайын аракет; үй-бүлөдөгү күч колдонулган зомбулук - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчисин атайын кыйноосу, болбосо уруп-согуусу, ден соолугуна зыян келтирүүсү, үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи бир мүчөсүнүн эркин жүрүүсүнөн, турак-жайынан, тамак-ашынан, кийим-кечесинен жана кадимки жашоо шартынан атайын ажыратуусу, оор күч эмгегине мажбурлоосу, ошондой эле жашы жетпегендердин ата-энесинин, алардын камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн, алган адамдардын жашы жетпегенде багуу, анын саламаттыгы жана жекече коопсуздугу жөнүндө кам көрүү милдеттерин аткаруудан качуусу, бул анын денесине же психикасынын саламаттыгына залал келтириши, анын инсандыгынын ар-намысына жана кадыр-баркына зыян келтирүүсү, ошондой эле жабыр тарткан баланын психикалык, денесине же инсандык жетилишине зыян келтириши, же үй-бүлө мүчөсүнүн өлүмүнө алып келиши; үй-бүлөдөгү психикалык зомбулук - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап кордоосу же аны коркутуу, мазактоо, коркок билишке алуу аркасында анын өмүрү, же ден соолугу үчүн коркунучтуу, ошондой эле үй-бүлөнүн жашы жетпеген мүчөсүнүн психикалык, денесинин же инсандык жетилишинин бузулушуна алып келүүчү укук бузууларды жасоого мажбурлоо; үй-бүлөдөгү сексуалдык зомбулук - бир үй-бүлө мүчөсүнүн башка үй-бүлө мүчөсүнүн жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине кол салуучу жосун, ошондой эле үй-бүлө мүчөсүнүн жашы жете элегине карата сексуалдык мүнөздөгү аракет; социалдык колдоо - үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-экономикалык, социалдык-укуктук, социалдык-медициналык, социалдык-психологиялык жактан жана башка мүнөздөгү социалдык тейлөө кызматтарынын комплекси; үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо - үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык жактан көмөк көрсөтүү, үй-бүлөгө кадыресе үй-бүлө мамилелерин калыбына келтирүүгө жардам берүү, жүрүм-турумду оңдоп-түзөө боюнча чараларды иштеп чыгуу аркылуу үй-бүлөдөгү турмуштук оор жагдайды чечүү боюнча тийиштүү кызматтардын иш-аракеттери; үй-бүлөдөгү зомбулукка социалдык бөгөт коюу - үй-бүлөдөгү көз каранды мүчөсүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден-тике коркунуч туулганда, ал коркунучту жоюу максатында тийиштүү кызмат тарабынан тезинен социалдык колдоо көрсөтүү менен коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле адамдардын зомбулуктун уланышына алып келүүчү кайталанган жана дайыма болуучу укукка жат аракеттерине жол бербөө; коргоо ордери - үй-бүлөдө зомбулуктан жана аны коркутуудан жабыр тартуучуну мамлекет тарабынан коргоого алган жана зомбулук жасаган же аны ишке ашырууга коркутуу аракетин жүргүзгөн адамга ушул Мыйзамда аныкталган чараларды эскертүү жасоого алып келүүчү процесстик юридикалык документ.
Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1186/st-1" title="1-статья - Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>