# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11857>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2097/edition/870856/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11857.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (10.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11857

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 10-майы № 228 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө

Аскердик тартиптин деңгээлин жогорулатуу, укуктук тартипти чыңдоо, укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү, соттолгон аскер кызматчыларын эмгекке жана аскердик кызматка чын дилден мамиле кылуу менен оңдоо жана кайра тарбиялоо, ошондой эле жаңы кылмыштардын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 143-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28-ноябрындагы № 846 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик бөлүгү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
