Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 „Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 29 марта 2024 года № 145 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в сфере дипломатической службы Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-03-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 145 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-марты № 145 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктунда:
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же өкүлчүлүктө же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери;"; 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген, өз каалоосу менен бошотулган же дипломатиялык кызматтын органдарынан Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына өтүшкөн дипломатиялык кызматтын мурдагы кызматкерлери;"; 3-пунктчасындагы "жана мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр алып салынсын; 4-пунктчасындагы "кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары" деген сөздөр "жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-6-пунктчаларындагы "жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары" деген сөздөр алып салынсын; 7-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 8-пунктчасы "2 жылдан кем эмес" деген сөздөрдөн кийин "үзгүлтүксүз" деген сөз менен толукталсын; 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9) Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө бош кызмат ордун ээлөө үчүн өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча өтүү упайын алган, бирок бош кызмат ордуна дайындоого сунушталбаган жарандар;"; 10-пунктчасындагы "жана мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр алып салынсын;
- 15-пунктундагы "жана дипломатиялык кызматтын органдарынын мамлекеттик кызматчылары" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 29.03.2024 · № 145
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 04.12.2013 · № 654 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон