Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 „К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 10 февраля 2026 года № 75 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики и Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-02-10.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-марты № 144 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставында:
- 1.5-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Уюштуруунун ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аткарышат.";
- он алтынчы абзацы "Айыл чарба" деген сөздөрдөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1.8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.8. Университеттин юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 68.";
- 3.1-пункту "сырттан" деген сөздөн кийин ", дистанциялык" деген сөз менен толукталсын;
- IV главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"IV. Абитуриенттерди кабыл алуу тартиби, Университеттин студенттерин которуу, окуудан чыгаруу жана окууга калыбына келтирүү";
- 4.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1. Университетке абитуриенттерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. Студенттерди которуу, чыгаруу жана окууга калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 6.5-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6.5. Университеттин ректорун шайлоонун жана дайындоонун тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.". онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; он үчүнчү абзацындагы "асыл тукум," деген сөздөр алып салынсын;
- 6.6-пунктундагы "биринчи" деген сөз алып салынсын;
- 6.7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6.7. Университеттин декандарын жана кафедра башчыларын шайлоо жана дайындоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 6.9-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Университеттин Камкордук кеңешинин сандык жана сапаттык курамын Университеттин Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аныктайт жана бекитет.";
- 6-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 6.11-пункт менен толукталсын:
"6.11. Университеттин мамлекеттик илимий мекемелеринин (илим-изилдөө институттарынын) жетекчилерин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин макулдугу менен тийиштүү профилдеги илимдин доктору деген окумуштуу даражасы бар 70 жашка чейинки курактагы адистердин ичинен дайындайт.";
- 11-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 11.5-пункт менен толукталсын:
"11.5. Университет жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-августунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан алынган бюджеттик эмес каражаттарды чыгымдоо жөнүндө коомдук угууну өткөрөт. Жарандык сектордун өкүлдөрү жана кызыкдар адамдар коомдук угууларга катыша алышат.";
- 13.2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 10.02.2026 · № 75
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №178 токтому менен бекитилген "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин" УСТАВЫУстав · 20.04.2011 · № 178 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 10.02.2026 · № 75
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2011 · № 178 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук…Постановление · 29.05.2012 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 " Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2011 · № 256 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун ТАРТИБИ ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-майындагы № 256 токтому менен бекитилген)Порядок · 27.05.2011 · № 256
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы…Положение · 29.05.2012 · № 346 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө" Жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын…Положение · 29.05.2012 · № 346 · Күчүн жоготкон