# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11838>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2079/edition/870117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11838.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (01.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11838

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 1-марты № 118 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасына катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускамада:

- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Социалдык фондунун жана башка мамлекеттик органдардын аманаттары боюнча маалымат 3-тиркемеге ылайык формада берилет. Жогоруда аталган мамлекеттик органдардын депозиттик эсептериндеги калдыктар өзүнчө сап менен ылдый жагында кошумча көрсөтүлөт, ал отчеттук күнгө карата миң сом менен чагылдырылат.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
