# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11836>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2077/edition/952084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11836.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (03.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11836

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 19-апрели № 216 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштеткен Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана экономикалык жактан дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандарды кошпогондо) тизмесинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 65-пункт менен толукталсын:

"

65

"БЕКПР" ЖЧК

Чүй облусу

10.51.1

0403200010154

Суюк сүт жана каймак чыгаруу

10.51.9

Сырларды жана башка сүт жана уютулган сүт азыктарын өндүрүү

".

2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Исаков
