# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11835>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2076/edition/1067800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11835.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (21.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11835

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 19-апрели № 215 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жазык-аткаруу ишинин чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка кабыл алынып жаткан жарандар, ошондой эле анын кызматкерлери кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн жазык-аткаруу тутумунун органдарынын аскердик-врачтык комиссияларынан медициналык күбөлөндүрүүдөн өтөт.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
