# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11830>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2072/edition/869200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11830.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (18.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11830

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 12-апрели № 203 "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасын ишке ашыруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 9-мартындагы № 103 "Кыргыз авиациялык колледжин түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-июлундагы № 458 "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомунун башкармалыгынын структурасын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 8-абзацы.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
