# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11827>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2069/edition/869192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11827.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (05.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11827

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-апрели № 185 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежеде:

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Монополияга каршы органга жиберилген арыздар (кайрылуулар) чарбакер субъекттин монополияга каршы мыйзамды бузуу белгилерин тастыктоочу документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө берилет.";

- 9-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Эксперттик комиссия чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жол-жобосуна тартылган монополияга каршы органдын адистеринен жана монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иштерди кароого байланыштуу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон кызыктар адамдардан түзүлөт. Эксперттик комиссия 5 адамдан турат. Эксперттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча сунуштама мүнөздөгү корутунду түзүлөт, комиссиянын тыянагы чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) тууралуу маселени кароодо сөзсүз керек.";

- 12-пунктунун биринчи абзацындагы "30 күндүн" деген сөздөр "үч айдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
