# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 "Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 "Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2064/edition/927003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 "Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө" токтому (19.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11822

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 66 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 3-апрели № 181 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 "Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө

Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 "Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомунун колдонулушу 2020-жылдын 31-декабрына чейин токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына шаарлардын жана калктуу конуштардын шаар куруу документтерин (башкы план, деталдуу пландоо долбоору, курулуштун долбоору) белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрүү сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
