# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2063/edition/1112861/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11821.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (29.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11821

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 2-апрели № 180 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Музейлердин иштөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарда:

- 4-бөлүмдүн 83-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

83

Музейдин директору

Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык, экономикалык), музейлерде 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же искусство жана маданият чөйрөсүндө жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Илимий даражасы барларга артыкчылык берилет.

".

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн чөчимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
