# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 "Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 "Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2054/edition/868343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11811.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 "Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому (29.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11811

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 29-марты № 169 Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө

Электр энергетика чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 82-беренесине, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин 3-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
