# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11805>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2049/edition/1048017/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11805

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 8-февралы № 81 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси" мекемеси мүлк комплекси катары 3,087 га аянттагы жер участогу, 31 бирдиктен турган штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилсин.

2. 9КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468 "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин уставында:

- бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы" деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. "Ата-Бейит" комплексинин юридикалык толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси";

- расмий тилде: "Национальный историко-мемориальный комплекс "Ата-Бейит" при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики.".

5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин кайтарууну камсыздасын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин 2018-жылга каралган каражаттардын чегинде каржылоону камсыздасын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектини оперативдүү башкаруу укугун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каттасын.

8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С.Исаков
