# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек, "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек, "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11753>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2034/edition/872351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11753.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек, "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (15.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11753

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-марты № 139 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек, "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жакты эркин экономикалык чөлкөмдүн субъекти катары эсептик каттоонун тартибинде:

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. ЭЭЧ башкы дирекциясынын ЭЭЧда иштин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, андан кийин - сот тартибинде даттанылат.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
