# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 136 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун чакырып алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 136 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун чакырып алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11750>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2031/edition/872345/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11750.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 136 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун чакырып алуу тууралуу" токтому (14.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11750

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 14-марты № 136 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун чакырып алуу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 580 токтому менен жактырылган "Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакырып алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 580 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
