# 7-статья. Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүчү органдар

- Документ: [Коррупцияга каршы курошуу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/1175)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 6-мартындагы № 51 "Коррупцияга каршы курошуу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2012 года № 153 "О противодействии коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/203753)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1175/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1122/edition/699429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1175/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы курошуу жонундо, 7-статья (08.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1175/st-7

---

Коррупцияга каршы күрөштү өз компетенцияларынын чегинде бардык мамлекеттик органдар менен мамлекеттик кызматчылар жүзөгө ашырууга мил- деттүү. Мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын жа- на Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамда каралган чаралардын колдонулу- шун камсыз кылышат. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми- нистрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда- рынын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчиле- ри, ошондой эле жарандар коррупцияга каршы күрөштө ыйгарым укук берген органдарга көмөк көрсөтүшөт жана зарыл жардамдарды беришет. Коррупциялык укук бузууларды табуу, алардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу жана аларды жасагандыгы жагынан күнөөлүү адамдарды өзүнүн компетенциясынын чегинде жоопкерчиликке тартуу укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1175/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1175/st-8)
