7-статья. Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүчү органдар
Күчүн жоготкон · 08.08.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2012 года № 153.
Коррупцияга каршы күрөштү өз компетенцияларынын чегинде бардык мамлекеттик органдар менен мамлекеттик кызматчылар жүзөгө ашырууга мил- деттүү. Мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын жа- на Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамда каралган чаралардын колдонулу- шун камсыз кылышат. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми- нистрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда- рынын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчиле- ри, ошондой эле жарандар коррупцияга каршы күрөштө ыйгарым укук берген органдарга көмөк көрсөтүшөт жана зарыл жардамдарды беришет. Коррупциялык укук бузууларды табуу, алардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу жана аларды жасагандыгы жагынан күнөөлүү адамдарды өзүнүн компетенциясынын чегинде жоопкерчиликке тартуу укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 08.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1175/st-7" title="7-статья - Коррупцияга каршы курошуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>