# 5-статья. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги принциптери

- Документ: [Коррупцияга каршы курошуу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/1175)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 6-мартындагы № 51 "Коррупцияга каршы курошуу жонундо" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2012 года № 153 "О противодействии коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/203753)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1175/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1122/edition/699429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1175/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы курошуу жонундо, 5-статья (08.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1175/st-5

---

Коррупция менен күрөшүү маселелерин жөнгө салуу төмөнкүдөй прин- циптердин негизинде ишке ашырылат:

- адамдын жана жарандын Кыргыз Республикасынын Конституциясында

бекемделген укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;

- баардыгынын мыйзамдын жана соттун алдында тењдиги;

- теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана ди-

ний ишенимдери, же кандайдыр бир жеке же коомдук мүнөздөгү шарттары жа- на абалдары боюнча ар кандай кодулоого, укутун жана эркиндигин кем- синтүүгө жол бербөө;

- жеке жана юридикалык жактардын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу

таламдарын калыбына келтирүү, коррупция менен байланыштуу укук бузуу- лардын зыяндуу башка залалдарын жоюу;

- инсандын жана жарандын аброюн, кадыр-баркын жана ишкердик беде-

лин коргоону камсыз кылуу;

- мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун иш-аракеттерин, алар-

дын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун жана маалымдуулугун, аларга мамле- кеттик жана коомдук контролду укуктук регламенттөөнү камсыз кылуу;

- мамлекеттик кызматчылардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзам-

дуу таламдарын коргоону камсыз кылуучу маселелерди чечүү жол-жоболорун жана кадрлардын иштерин, мамлекеттик аппараттын түзүмдөрүн өркүндөтүү;

- ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ый-

гарым укуктарды мындай иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө жол бербөө.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1175/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1175/st-6)
