5-статья. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги принциптери
Күчүн жоготкон · 08.08.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2012 года № 153.
Коррупция менен күрөшүү маселелерин жөнгө салуу төмөнкүдөй прин- циптердин негизинде ишке ашырылат:
- адамдын жана жарандын Кыргыз Республикасынын Конституциясында
бекемделген укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;
- баардыгынын мыйзамдын жана соттун алдында тењдиги;
- теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана ди-
ний ишенимдери, же кандайдыр бир жеке же коомдук мүнөздөгү шарттары жа- на абалдары боюнча ар кандай кодулоого, укутун жана эркиндигин кем- синтүүгө жол бербөө;
- жеке жана юридикалык жактардын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу
таламдарын калыбына келтирүү, коррупция менен байланыштуу укук бузуу- лардын зыяндуу башка залалдарын жоюу;
- инсандын жана жарандын аброюн, кадыр-баркын жана ишкердик беде-
лин коргоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун иш-аракеттерин, алар-
дын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун жана маалымдуулугун, аларга мамле- кеттик жана коомдук контролду укуктук регламенттөөнү камсыз кылуу;
- мамлекеттик кызматчылардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзам-
дуу таламдарын коргоону камсыз кылуучу маселелерди чечүү жол-жоболорун жана кадрлардын иштерин, мамлекеттик аппараттын түзүмдөрүн өркүндөтүү;
- ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ый-
гарым укуктарды мындай иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө жол бербөө.
Берененин тексти 08.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1175/st-5" title="5-статья - Коррупцияга каршы курошуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>