Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (III Протокол) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 12-марты № 131 "Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (III Протокол) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (III Протокол) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (Протокол III) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аталган долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (III Протокол) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулуу жөнүндө 1-берене. Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (III Протокол) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулсун. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (III Протокол) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулуу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп эсептелген Швейцария Федералдык Кеңешине депонирлесин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 131 токтому менен жактырылган
Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (III Протокол) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (III Протокол) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине туура келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Женева конвенцияларынын жана Кошумча протоколдордун жоболорунда кызыл крест жана кызыл жарым ай белгилери эл аралык укуктун коргоосунда турган символдор болуп эсептелет. Эмблемаларга карата сый мамилени камсыздоо үчүн өлкө ичинде чараларды көрүү - гуманитардык жардамдарды берүүдөгү адилеттикти камсыздоонун бирден бир маанилүү кадамы болуп эсептелет. Жыйынтыгында кимге гуманитардык жардам көрсөтүлсө, алар жакшы багууга алынып, эң ишенимдүү корголот. Кыргыз Республикасынын Женева конвенцияларынын Үчүнчү протоколуна кошулуусу жаңы кошумча эмблема - кызыл кристаллга коргоо көрсөтүүгө негиз болуп берет. Кызыл крест жана кызыл жарым ай эмблемалары сыяктуу эле кызыл кристалл эмблемасына болгон дүйнөлүк таануу жана сый гуманитардык уюмдардын кызматкерлеринин куралдуу кагылышуу жана башка күч көрсөтүү учурларынын курмандыктарына эркин жардам берүүсүн камсыздоого мүмкүндүк түзөт, анын ичинен эч кандай саясий, диний же маданий жактан кошумча мааниге ээ болбогондугу үчүн кызыл кристалл эмблемасын пайдалануу - анын кошумча артыкчылыгы болуп саналат. Мыйзамдын долбоору кабыл алынса, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана "Кызыл жарым айдын жана Кызыл Кресттин эмблемасын пайдалануу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Үчүнчү кошумча протоколдун эмблемасын мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти жана аны пайдалануунун тартибин караган тиешелүү өзгөртүүлөрдү кошумча киргизүү зарыл. Кошумча протоколдун 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы буга кошула турган болсо, ушул Протоколду өз өлкөсүндө тынчтык мезгилде жана куралдуу кагылыш болгондо да, болушунча кеңири жайылтууга, тактап айтканда, бул документ куралдуу күчтөргө жана жарандык жамаатка белгилүү болушу үчүн аны окуп-үйрөнүүнү аскердик даярдык программасына киргизүүгө жана аны жарандык жамааттын кеңири изилдөөсүн кызыктырууга милдеттенет. Кыргыз Республикасынын Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (III Протокол) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулуусу өзү менен бирге социалдык-экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерди алып келбейт жана ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбагандыктан жөнгө салуучу таасирин талдоону, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансы каражаттарын бөлүүнү талап кылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 2431-1-VI "Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алууга (III Протокол) тиешелүү 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына…Постановление · 30.05.2018 · № 2431-1-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 2510-VI "Кошумча айырмалоочу эмблеманы (III Протокол) кабыл алууга тиешелүү 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата…Постановление · 21.06.2018 · № 2510-VI
- Постановление ЖК КР от 13 сентября 2018 года № 2568-VI "О принятии Закона Кыргызской Республики "О присоединении к Дополнительному протоколу к Женевским конвенциям от 12 августа…Постановление · 13.09.2018 · № 2568-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Об использовании и защите эмблемы Красного Полумесяца и Красного КрестаЗакон · 29.09.2000 · № 82
- 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата кошумча айырмалоочу эмблеманы (III Протокол) кабыл алууга тийиштүү 2005-жылдын 8-декабрындагы Кошумча протоколго кошулуу…Закон · 23.10.2018 · № 91
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.