Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 сентября 2019 года № 446 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-09-02.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 12-марты № 128 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Ченөө каражаттарын текшерүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ченөө каражаттарын текшерүүнүн мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү жана Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасынын талаптарын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- преамбуласы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча жумуштардын натыйжаларын таануу эрежелерине ылайык ушул ченөө каражаттарынын типтерин бекитүү өз ара таанылган, ЕАЭБнин аймагында жүргүзүлгөн ченөө каражаттарын текшерүү Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тартипте жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 14.1-пункт менен толукталсын:
"14.1. Ченөө каражаттарын текшерүүдө:
- текшерүү методикасында көрсөтүлгөн текшерүү жол-жоболору аткарылат;
- ченөө натыйжалары жазылат, текшерүү методикасында каралган форма боюнча текшерүү протоколу таризделет жана арыз ээсинин талабы боюнча протоколдун көчүрмөсү берилет;
- ченөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктары ушул Жобонун 18 же 22-пункттарына ылайык таризделет.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Текшерүүгө жаткан ченөө каражаттарынын тизмеси жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгүндө:
- бүткүл текст боюнча "Паспорттогу маалыматтарга ылайык" деген сөздөр "Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү" графасынын 22, 38, 46 жана 64-пункттарындагы "Жылына 1 жолу" деген сөздөр "Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 48-3 жана 48-4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 101-1-пункт менен толукталсын:
"
101-1
Заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүн аныктоонун анализаторлору
Жылына 1 жолу
";
- 102 жана 104-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
102
Биохимиялык анализаторлор
Жылына 1 жолу
Оптикалык системаны пайдаланбастан ченөө функциялары менен толук автоматташтырылган жана техникалык системалары же түзүлүштөрү бар анализаторлордон тышкары
"; "
104
Иммуноферменттик анализаторлор
Жылына 1 жолу
Оптикалык системаны пайдаланбастан ченөө функциялары менен толук автоматташтырылган жана техникалык системалары же түзүлүштөрү бар анализаторлордон тышкары
";
- 112-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
112
Медициналык термометрлер:
- электрондук
- сымаптык
Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык өндүрүштөн чыкканда
";
- 122 жана 123-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
122
Электр энергиясынын үч фазалуу эсептегичтери:
- индукциялык
- электрондук
4 жылда 1 жолу ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык
123
Электр энергиясынын бир фазалуу эсептегичтери:
- индукциялык
- электрондук
8 жылда 1 жолу ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык
";
- 125-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
125
а) 1000 В чейинки токтун жана чыңалуунун трансформаторлору
Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык
б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору
Оңдолгондон кийин жана өндүрүштөн чыккан учурда
";
- 130-134-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
130
Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун вольтметрлери эталондук
Жылына 1 жолу
131
Амперметрлер эталондук
Жылына 1 жолу
132
Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун амперметрлери эталондук
Жылына 1 жолу
133
Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун ваттметрлери эталондук
Жылына 1 жолу
134
Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун киловольтметрлери эталондук
Жылына 1 жолу
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуПостановление · 02.09.2019 · № 446
- Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтому менен бекитилген )Положение · 27.09.2012 · № 664 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуПостановление · 27.09.2012 · № 664 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуПостановление · 02.09.2019 · № 446
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон