# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11738>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2019/edition/870247/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11738.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11738

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 3-марты № 122 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Илимий ишти өнүктүрүү, анын аброюн жогорулатуу, илимий жана педагогикалык кадрларды колдоо үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. 2018-жылдын 1-январынан баштап негизги иштеген жери боюнча илимий, педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына иштелген убактысына карабастан ай сайын төлөнүүчү үстөк белгиленсин:

- илим доктору илимий даражасы үчүн - 1800 сом өлчөмүндө;

- илим кандидаты илимий даражасы үчүн - 900 сом өлчөмүндө.".

2. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
