Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 25 декабря 2018 года № 607 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-25.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 607 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 11-апрели № 196 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренесинин жыйырма алтынчы абзацы "жазык-аткаруу тутумунун," деген сөздөрдөн кийин "бажы органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 163-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-2-бөлүк менен толукталсын:
"(5-2) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин биринчи бөлүгү жана 210-беренеси) тездетилген сотко чейинки өндүрүш бажы органдарынын алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.". 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.12.2018 · № 607 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.12.2018 · № 607 · Күчүн жоготкон