# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 195 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун чакырып алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 195 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун чакырып алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11732>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2013/edition/1257891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11732.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 195 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун чакырып алуу тууралуу" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11732

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 11-апрели № 195 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун чакырып алуу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 614 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакырып алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
