# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 191 "Сочи шаарында 2017-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кылмыш иштери боюнча далил зат болуучу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, дүрмөттүү куралдарды, алардын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 191 "Сочи шаарында 2017-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кылмыш иштери боюнча далил зат болуучу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, дүрмөттүү куралдарды, алардын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2011/edition/869992/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11730.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 191 "Сочи шаарында 2017-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кылмыш иштери боюнча далил зат болуучу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, дүрмөттүү куралдарды, алардын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому (06.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11730

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 6-апрели № 191 Сочи шаарында 2017-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кылмыш иштери боюнча далил зат болуучу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, дүрмөттүү куралдарды, алардын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сочи шаарында 2017-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кылмыш иштери боюнча далил зат болуучу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, дүрмөттүү куралдарды, алардын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө протокол бекитилсин.

2. Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын, ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн компетенттүү органдардын тизмесин депозитарийге жиберсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
