КР Өкмөтүнүн «Сочи шаарында 2017-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кылмыш иштери боюнча далил зат болуучу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, дүрмөттүү куралдарды, алардын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 6-апрели № 191 Сочи шаарында 2017-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кылмыш иштери боюнча далил зат болуучу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, дүрмөттүү куралдарды, алардын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сочи шаарында 2017-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кылмыш иштери боюнча далил зат болуучу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, дүрмөттүү куралдарды, алардын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө протокол бекитилсин.
2. Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын, ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн компетенттүү органдардын тизмесин депозитарийге жиберсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Конвенция Организации Объединенных Наций против транснациональной организованной преступности от 15 ноября 2000 годаКонвенция · 15.11.2000
- Конвенция о правовой помощи и правовых отношениях по гражданским, семейным и уголовным делам (Ратифицирована Законом КР от 19 марта 2004 года № 29)Конвенция · 07.10.2002
- КОНВЕНЦИЯ о психотропных веществах (Кыргызская Республики присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 16 апреля 1994 года № 1499-XII)Конвенция · 21.02.1971
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон