# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11727>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2008/edition/869986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11727.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11727

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-марты № 163 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Автоунаа каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номер белгилерин сатууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо:

- Жобонун "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилердин тизмеги жана наркы" деген тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 5-пунктундагы "1-5" деген цифралар "1-4" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 12-пунктундагы "1-4" жана "5" деген цифралар тиешелүү түрдө "1-3" жана "4" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 19-пунктундагы "6-8" деген цифралар "5-7" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 21-пунктунда:

биринчи абзацындагы "1-5" деген цифралар "1-4" деген цифралар менен алмаштырылсын; экинчи абзацындагы "6-8" деген цифралар "5-7" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ж.Исаков

Тиркеме

"Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобонун тиркемеси

Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин ТИЗМЕГИ ЖАНА НАРКЫ

№

Цифралардын айкалышы

Мамлекеттик каттоочу номер белгилеринин наркы (даярдоо жана жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды эсепке албастан, сом менен)

1

001, 777, 888, 999

Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 50000

2

111, 222, 333, 444, 555, 666

Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 30000

3

007, 100, 200, 300, 400, 500, 600, 700, 800, 900

Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 20000

4

002, 003, 004, 005, 006, 008, 009, 010, 020, 030, 040, 050, 060, 070, 080, 090, 460, 470, 570

Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 10000

5

015, 055, 077, 088, 101, 110, 202, 211, 221, 250, 330, 350, 505, 550, 707, 740, 750, 770, 808, 880, 909, 990

4500

6

011, 012, 013, 014, 016, 017, 018, 019, 022, 033, 044, 066, 099, 102, 103, 220, 303, 312, 404, 440, 606, 660

3000

7

121, 123, 131, 141, 151, 161, 171, 181, 191, 212, 232, 242, 252, 262, 272, 282, 292, 313, 323, 343, 353, 363, 373, 383, 393, 414, 424, 434, 450, 454, 464, 474, 484, 494, 515, 525, 535, 545, 565, 575, 585, 595, 616, 626, 636, 646, 656, 676, 686, 696, 717, 727, 737, 747, 757, 787, 797, 767, 818, 828, 838, 848, 858, 868, 878, 898, 919, 929, 939, 949, 959, 969, 979, 989

1500

Эскертүү: Мамлекеттик каттоочу номер белгилеринин наркы салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.".
