# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11725>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2006/edition/868886/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11725.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11725

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-марты № 161 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасын ишке ашыруу, ошондой эле почта тармагынын, анын ичинде маалыматтык күркөлөрдүн иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-9-пункт менен толукталсын:

"1-9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы 2017-2020-жылдардагы ишинин жыйынтыгы боюнча таза пайданын 50 пайызын республикалык бюджетке төлөөдөн бошотулсун. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы:

- бошотулган каражаттарды 453 айыл аймагында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана ал процесстерди оптималдаштыруу үчүн маалыматтык күркөлөрдү түзүү менен байланышкан иш-чараларга жумшасын;

- республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон, 2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча таза пайданын 50 пайызын пайдалануу жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына берсин.".

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
