# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11707>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1988/edition/867525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11707.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (26.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11707

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 26-февралы № 108 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пункту "дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пункту "Дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пункту "дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пункту "дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;

- 14-пункту "ранг ыйгаруунун кезектүүлүктүн сактабастан" деген сөздөрдөн кийин "бирок бир тепкичтен жогору эмес" деген сөздөр менен толукталсын;

- 16-пункту "Дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;

- 17-пункту "мамлекеттик кызмат жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "жана дипломатиялык кызмат жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Исаков
