Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 „Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 26-февралы № 108 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту "дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункту "Дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункту "дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункту "дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункту "ранг ыйгаруунун кезектүүлүктүн сактабастан" деген сөздөрдөн кийин "бирок бир тепкичтен жогору эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункту "Дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн кийин "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункту "мамлекеттик кызмат жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "жана дипломатиялык кызмат жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2013 · № 727
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон