# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11704>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1985/edition/867382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11704.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому (08.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11704

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 8-февралы № 82 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына берилген айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

- өзүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңешти түзсүн;

- керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын) макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
