Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы „Кыргызкөмүр“ мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-январы № 72 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608, 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Ысык-Көл кемечилиги" мамлекеттик ишканасын ага кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Ысык-Көл кемечилиги" мамлекеттик ишканасынын укук мураскери болуп санала тургандыгы белгиленсин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын кайра уюштурууда өткөрүп берүү актыларын бекитүүгө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине ыйгарым укук берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Ысык-Көл кемечилиги" мамлекеттик ишканасын кабыл алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-8-пункт менен толукталсын:
"1-8. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы 2017-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын 50 пайызын республикалык бюджетке төлөөдөн бошотулсун. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы:
- бошогон каражаттарды "Ысык-Көл кемечилиги" филиалын өнүктүрүүгө жумшасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине 2017-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө отчет берсин.".
8. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Ысык-Көл кемечилиги" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын…Устав · 16.12.2016 · № 687 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2016 · № 436 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Ысык-Көл кемечилиги" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү…Постановление · 23.06.2017 · № 402 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Ысык-Көл кемечилиги" мамлекеттик ишканасынын" УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын…Устав · 23.06.2017 · № 402 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-марты № 68 "Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 03.03.2021 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик…Постановление · 15.12.2020 · № 608 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-марты № 68 "Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 03.03.2021 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик…Постановление · 15.12.2020 · № 608 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ведомстволук уюмдарынын…Постановление · 16.12.2016 · № 687 · Күчүн жоготкон