# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 "Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 "Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11700>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1981/edition/866508/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11700.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 "Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (31.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11700

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-январы № 67 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 "Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө шарттарын жана тартибин иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 "Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун биринчи абзацындагы "мезгилдери үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле бул бөлүктөргө жана бөлүмдөргө текшерүү, инспекциялоо жана аскердик даярдыктарды уюштурууга жана өздүк курамды турмуш-тиричилик жактан камсыздоого жардам көрсөтүү үчүн командировкага жиберилген аскер кызматчыларына" деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:

- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"- аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн курамына таандык эмес, окутуу борборлоруна, лагерлерге, полигондорго жана запастык аэродромдорго жиберилген, ушул бөлүктөргө жана бөлүмдөргө текшерүү, инспекциялоо жана аскердик даярдыктарды уюштурууга жана өздүк курамды турмуш-тиричилик жактан камсыздоого жардам көрсөтүү үчүн командировкага жиберилген;";

- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик түзүлүштөрү өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тиешелүү жылга республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
