# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11697>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1978/edition/1235622/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11697.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11697

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 29-январы № 61 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 16-пунктунда:

- жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө:";

- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"- кен казуу тармагындагы геологиялык отчетторду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, колдонмолорду жана коопсуздук боюнча эрежелерди;

- кооптуу өндүрүш объекттеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча нускамаларды, колдонмолорду жоболорду жана эрежелерди.".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
