# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы N 536 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы N 536 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 536
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1972/edition/866051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы N 536 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (29.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11691

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 25-сентябры N 536 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 533 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын баалуу металлдардан зергер буюмдарды өндүрүү, жасоо жана сатуу иштерине аффинаждоо процессинен баштап пробалык көзөмөл жүргүзөт";

- 6-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри

И. Чудинов
