# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11690>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1971/edition/1018264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11690.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11690

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 29-январы № 54 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажылык коштоо жөнүндө жободо:

- 1-пункттагы "бажы органынын" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Ушул Жободо колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.";

- 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Бажылык коштоо менен байланышкан кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин регламенти бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан белгиленет.

4. Товарларды ташуучу транспорт каражаттарын бажылык коштоо бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";

- 9-пунктта:

биринчи абзацындагы "бажы иши чөйрөсүндө" деген сөздөр алып салынсын; экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Товарларды ташуучу транспорттун туруп калуусун болтурбоо максатында БКАПнын иши күнү-түнү режиминде жүзөгө ашырылууга тийиш.";

- 10-пункттун экинчи абзацындагы "бажы иши чөйрөсүндө" деген сөздөр алып салынсын;

- 11 -пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын кызмат адамдарын тартууда бажылык коштоону уюштуруу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары тарабынан буйрук түрүндө кабыл алынат.";

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- бажы кезметин алмаштыруу пункту (зарыл болгон учурда);".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
