Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 „Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 сентября 2024 года № 559 "Об утверждении Правил управления средствами пенсионных накоплений, формируемых в пользу застрахованных лиц, не воспользовавшихся правом выбора управляющей компании, Социальным фондом Кыргызской Республики при Кабинете Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-09-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 559 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-январы № 23 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 "Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу үчүн шарттарды оптималдаштыруу жана баалуу кагаздардын рыногун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 19-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 "Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелеринде: 4-пункттагы:
- 1-пунктчасында "70" деген цифралар "85" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пунктчалар менен толукталсын:
"4) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын облигацияларына, пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө;
5) турак жайга ипотекалык кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарга, пенсиялык топтоолордун наркынын 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө.";
5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралган мамлекеттик баалуу кагаздарды кошпогондо, жылдык кирешеси жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынып жатканда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынан төмөн болгон башкаруу объектилерине жайгаштырууга жол берилбейт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 13.09.2024 · № 559
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 "Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык…Постановление · 28.02.2017 · № 129 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндөЗакон · 04.07.2011 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 13.09.2024 · № 559
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 "Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык…Постановление · 28.02.2017 · № 129 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон