# 9-статья. Улуттук коопсуздук тутумунун негизги иши

- Документ: [Улуттук коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1168)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-февралындагы № 44 "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 222 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О национальной безопасности""](https://aqlex.ai/kg/doc/203467)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1168#diff=859713..859714>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1115/edition/859711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1168/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук коопсуздук жөнүндө, 9-статья (01.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-9

---

Улуттук коопсуздук тутумунун негизги иши болуп төмөнкүлөр саналат:

- улуттук коопсуздуктун объекттеринин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына ички жана тышкы коркунучтарды табуу жана болжолдоо, алардын алдын алуу жана зыянсыздоо боюнча кечиктирилгис жана узак мөөнөттүү чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу;

- жарандардын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу;

- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү менен каражаттарын түзүү жана аларды даярдыкта күтүү;

- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды түзүү жана өркүндөтүү;

- улуттар ортосунда өз ара шайкеш мамилелерди калыптандыруу, укук тартибин, коомдун жана мамлекеттин социалдык-саясий турукташуусун калыптандыруу;

- коңшулаш, ошондой эле башка мамлекеттер менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу;

- күн сайынкы демейки шарттарда жана өзгөчө жагдайларда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү менен каражаттарын башкаруу;

- өзгөчө кырдаалдардын пайда болушунун натыйжасында жапа чеккен региондордо улуттук коопсуздук объекттеринин кадимкидей иштөөсүн калыбына келтирүү боюнча чаралардын тутумун жүзөгө ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүү жана анын дүйнөлүк экономикага шайкеш интеграцияланышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларга катышуу.

(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-10)
