# 7-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо

- Документ: [Улуттук коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1168)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-февралындагы № 44 "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 222 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О национальной безопасности""](https://aqlex.ai/kg/doc/203467)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1168#diff=859713..859714>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1115/edition/859711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1168/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук коопсуздук жөнүндө, 7-статья (01.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-7

---

Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка мыйзамдар менен каралган учурларды албаганда, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт. Киргизилүүчү чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга тең өлчөмдө болууга тийиш. Мыйзам менен башка максаттарда жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан чоң даражада укуктар менен эркиндиктерди чектөө каралышы мүмкүн эмес. Жарандар, коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер алардын укуктары менен эркиндиктерин чектөө боюнча улуттук коопсуздукту камсыз кылган органдардан түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Алардын талабы боюнча мындай түшүндүрмөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө берилет. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштин жүрүшүндө өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан ашкере пайдаланган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. (КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-8)
