7-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо
Күчүндө · 01.12.2017 редакциясы · I Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 222
Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка мыйзамдар менен каралган учурларды албаганда, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт. Киргизилүүчү чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга тең өлчөмдө болууга тийиш. Мыйзам менен башка максаттарда жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан чоң даражада укуктар менен эркиндиктерди чектөө каралышы мүмкүн эмес. Жарандар, коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер алардын укуктары менен эркиндиктерин чектөө боюнча улуттук коопсуздукту камсыз кылган органдардан түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Алардын талабы боюнча мындай түшүндүрмөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө берилет. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштин жүрүшүндө өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан ашкере пайдаланган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. (КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.12.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1168/st-7" title="7-статья - Улуттук коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>