# 5-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун принциптери

- Документ: [Улуттук коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1168)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-февралындагы № 44 "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 222 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О национальной безопасности""](https://aqlex.ai/kg/doc/203467)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1168#diff=859713..859714>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1115/edition/859711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1168/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук коопсуздук жөнүндө, 5-статья (01.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-5

---

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин сактоо;

- адамдын негизги укуктары менен эркиндигин урматтоо;

- инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына карата улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын тутумунун биримдиги, өз ара байланышы жана шайкештиги;

- улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун саясий жана экономикалык чараларынын артыкчылыктуулугу;

- инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын теңдемин сактоо;

- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инсандын, коомдун жана мамлекеттин өз ара жоопкерчилиги;

- коопсуздуктун эл аралык тутумдары менен интеграция;

- мамлекеттик бийлик органдарынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жасаган иш-аракеттери тууралу маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү, буга мындай ачыктык жана жеткиликтүүлүк мыйзамга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыктарына залакасын тийгизиши мүмкүн болгон учурлар кирбейт.

(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-6)
