# 4-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу

- Документ: [Улуттук коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1168)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-февралындагы № 44 "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1115/edition/859711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1168/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук коопсуздук жөнүндө, 4-статья (01.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-4

---

Улуттук коопсуздукка улуттук коопсуздук жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү, инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына туудурган коркунучка жараша экономикалык, саясий, уюштуруучулук, согуштук жана башка мүнөздөгү чаралардын тутуму аркылуу жетишилет. Улуттук коопсуздуктун объекттерин коргоонун зарыл болгон деңгээлин түзүү жана аны сактап калуу үчүн улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин тутуму иштелип чыгат, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын бул жаатындагы ишинин негизги багыттары аныкталат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун органдары жана алардын ишине контроль жана көзөмөл жүргүзүүнүн механизми түзүлөт же кайра өзгөртүлөт. Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш милдетин тикеден-тике аткаруу үчүн аткаруу бийлигинин тутумунда мыйзамга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун мамлекеттик органдары түзүлөт.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-5)
